Продюсер Назгүл Насиева 37 жашын белгилеп, чоң кече өткөрдү. Тамашага жакын бул эжеке: "Учурда чочко тумоосу элдин жүрөк үшүн алып жатпайбы. Мен оорунун алдын алып, жакындарымдын баарын кытай ашканасынын ачуу тамак, салаттары менен дарылап койдум”,- дейт. Продюсер муну айтканынын себеби туулган күнүн кытай ресторандарынын биринде белгилеген экен. Баарынан кызыгы, туулган күндүн чыгымын цирк өнөрпозу Алмаз Райымкулов көтөрүптүр. Райымкулов менен Насиева “Жылдыздар манежде” теледолбоорунан кийин жакын достордон болуп калышкан.