Продюсер Канат Култаев чыгармачылыктагы командасы менен Ош, Жалал-Абад аймактарына гастролго барган эле. Көз тийдиби же суук тийдиби, айтор, продюсер өзү, Мирбек Атабеков, “Стар Дэнс” бий тобунун жетекчиси Асел үчөө ооруп кайтышты. Дене табы 39-40 градуска жеткен Мирбек ооруканага жатып калды. Андыктан бардык чакырыктардан баш тартууга аргасыз болууда. Продюсер менен бийчи кыз да дарыланууну башташты. Концерттер күчөп турган маалда ыңгайсыз абалга кабылган продюсер командасы менен күйөрмандарынан кечирим сурайт.