Кыргыз ырчылары акыркы күндөрү АКШга байма-бай каттап калышты көрүнөт. Океандын ары жагындагы мекендештерибизди Жаңы жыл майрамы менен алдын ала куттуктоо үчүн ырчылар Динара Акулова, Микаэль, Бактыгүл Бадыева, Арсен, Максат Бегалиев жана бул команданын уюштуруучусу Миргүл АКШга сапар алышты. Бир айды карытып, анан мекенге кайтчу ырчылардын ырлары Чикаго, Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Лас-Вегас, Сан-Франсиско, Филадельфия шаарларында жаңырат. Баса, ырчыларды Омар тосуп алат.