“Жаш ырчылардын катарын толуктасакпы?” деп жаңыдан чыгып келе жаткан Жумали менен Санжар өзгөчө Өзгөн районунда белгилүү. Райондогу, Ош облусундагы тойлор аларсыз өтпөйт. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жигиттер болгон өнөрлөрүн үйрөтүү үчүн учурда ырга шыктуу бир кыз менен бир жигитти таптай башташты. “Буюрса, бул жаштар күлүк чыгып, учурдагы белгилүү ырчылардын катарын толуктайт деген ойдобуз” дешет Жумали менен Санжар.