АЙЧҮРӨКТҮН ҮЙ-БҮЛӨСҮН КИМ БУЗГУСУ КЕЛДИ?

Кайсы бир гезитке Айчүрөк Иманалиеванын мурунку жашоосу жөнүндө макала жарык көргөн. Анда "Айчүрөк биринчи күйөөсүнө өзү эле жабышып турмушка чыгып алган" деген өңдүү эски жаратты козгогон сөздөр айтылган. Бул боюнча Айчүрөк айым бизге кайрылып, “биздин үй-бүлөнү бузгусу келген адам макаланын гезит бетине чыгуусуна түрткү болгон деп түшүнөм. Алардын да мендей үй-бүлөсү, меникиндей балдары бардыр, Кудайга койдум” десе, жолдошу Таалай “биздин үй-бүлөнү эч ким, эч качан эч бир себепсиз буза албайт” деп сөзгө кошулду. Ушундан улам Айчүрөк айымдын мурунку күйөөсү Такен Шаршеевге мындай интервью беришиңизге ким түрткү болду деп суроо узаттык. Ал “Мен эркек катары калың элдин алдында Айчүрөк менен уулум Аргенден жана үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм. Бул менин кетирген катачылыгым” деп гезит аркылуу кечирим сурады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан