“Сема” тобунун ырчысы, Самарбектин иниси Жанарбектин үйлөнүү тою 11-ноябрь күнү “Дасмия” ресторанында болуп өттү. Жанарбектин сүйүктүүсү Зуура да аталган топтун ырчысы болчу. 4 жыл сүйлөшүп баш кошкон эки жаштын тоюнда Гүлзат Байзакова, Урмат Усенов, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаевдер ырдашты. Ал эми алпаруучулук тизгин Турусбек Жумалиевге берилсе, бий менен тойго көрк кошуу "Агама" тобуна ыйгарылды.