Жаш ырчылардын көч башы болгон ырчы Темир Назаров 6-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнүндө “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Эч нерседен капарсыз үйүндө жүргөн ырчыга Ош филармониясынын кызматкерлери “тез келип кал, мыкты кызматкер болдуң” деп телефон чалышкан. Уккан кулагына ишенбей, сүйүнүчтөн кадимкидей көзүнө жаш алган ырчы учурда сыйлыгын жакындарына майлап жаткан учуру.