Ильяз Абдыразаков өзү концерт коюп, тойлордо ырдап, ырчымын дегендерге аранжировка жасап берип жүрүп, көп акча топтогон окшойт. Айтор, беш бөлмөлүү үйдү бүтүрүп, кирип алды. Ал гана эмес, Лексус үлгүсүндөгү темир тулпарлуу да болду. Студенттердин күнүнө карата Ошто концерт да коёт экен. “Катын алсаң, отун ал” демекчи, үйдү салды, машинаны алды, эми Ильязга бир гана нерсе жетишпей турат. “Байкемдин бактысы, жеңекем ай...” деп жеңекелерине суктанганды токтотуп, бир сулууга ак жоолук салчу күн аз эле калды өңдөнөт.