Таланттуу скрипкачы Нурайым Азыкбаеванын мукам музыкалары кимдин гана жүрөк кылдарын титиретпесин?! Бул бийкечке казак туугандар да ашык. Жакында эле Казакстанда өткөн корпоративдик кечелердин бирине барган Нурайымга Роза Рымбаева Казакстанга келип иштөө сунушун айткан. Нурайым буга чейин Розанын музыка жаатындагы мастер-классынан өткөн. Роза айымдын сунушуна Нурайым азырынча “ооба” же “жок” деп жооп бере элек.