“Кыргызстан Обондору” радиосунун ди-джейи Нурзада Жолдошованы эми күйөрмандары ЭлТР телеканалынан көрө алышат. Өзүн теле жаатында да сынап көргүсү келген ди-джей кызды 2-3 телеканал иштешүүгө чакырган эле. Нурзада алардын ичинен коомдук телеканалды тандап алган. Ошентип, ди-джей дүйшөмбү күнү маалымат-музыкалык саатын даярдап, аптасына бир жолу эфирге чыга баштады.