Көз айнеги көзүнөн түшпөгөн Бекчоро продюсерсиз калды. Ырчы менен продюсер Семетей Мырзакановдун ортосунда түзүлгөн эки жылдык келишим соңуна чыкты. Мындан ары ким менен иштешесиң деген сурообузга “продюсер менен иштешүүнүн жаман жактарын көрө алган жокмун. Эгер жакшы продюсер чогуу иштешүүнү сунуштаса, ойлонуп көрөм. Семетейдин башка иштери көп, колу иштен бошобой, мени менен кошо гастролдоп жүрүүгө убактысы жок” деп жооп берди.