"Тумар" радиосу жыл сайын бир кызматкерине Европа өлкөлөрүнүн биринен билим алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бермекчи. Бул жылы Германия өлкөсүнө барып келүү Элиза Кененбаеванын бактысына буюрду. Ди-джей кыз "Немецкая волна"радиосунун мыкты адистеринен сабак алып, Европалык стандарт боюнча иштөөнү үйрөнүп келди. Германиядан алган билимин пайдаланып, Кыргызстанга кайтып келери менен өз күйөрмандарына “Шоу-сандык” аттуу жаңылыктар түрмөгүн эфирге алып чыкты.