Жаңыдан тааныла баштаган жаш ырчы Марлен жакында эле кызык окуяга туш болду. Тагыраак айтканда, ырчы ыр жаздыруу үчүн кечки саат алтыда досторунун студиясына барган. Анан 2 досу телефон менен сүйлөшүп, алаксыган боюнча Марленди сыртынан бекитип кетип калышкан. “Ана келет, мына келет” деп күтүп отура берген ырчы ачка калып, үшүп, түнү бою камалып отуруп студиядан эртеси саат тогузда чыккан. Көрсө, ырчынын достору студиядан чыгышкан соң эле Кара-Балтага зуу коюшкан экен.