CУЛТАН & РЫСБЕК ТАНДЕМИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

Султан Садыралиев продюсер Динара Эсенгулова менен төрт жылга жакын үзүрлүү эмгектенгени жалпыга маалым. Ортодогу келишимдин мөөнөтүнүн бүтүшү менен экөө жылуу-жумшак кош айтышкан эле. Эми бул жигитти продюсер Рысбек Жабиров канатына калкалай баштады. “Султан экөөбүз расмий келишим түзбөй эле эркекче сүйлөштүк. Ага продюсерлик кылбайм. Кайсы күнү канча тойго барып ырдадың деп да суракка албайм. Бирок ар кандай кырдаалдарда колдоо көрсөтүп, концерттерин уюштурууга жардамдашып, чогуу иштешебиз” деп билдирди бул тууралуу продюсер. Адатта бул продюсер көмөк көрсөткөн балдарын жакшы кызга үйлөнтүп, анан өкүл ата болуп да алчу эле. Бул жолку Рысбек & Султан тандеминен эмне чыгар экен? Күтө туралы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 368, 20-26-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан