Жаш ырчы Дайыр Исмадияровго ЭлТР коомдук телеканалы жаңы клип тартып берди. Анткени телеканалдагы “60 мүнөт” берүүсүнүн алкагында клиптер сынагы жүргүзүлүп, анда Дайырдын “Жүрөк дарты” аттуу клиби биринчи орунга ээ болгон. Сынактын шартына ылайык, телеканал жеңүүчүгө жаңы клип тартып бермек. Ырчынын бир нече чыгармасы сындан өткөн соң “Тутанбас сүйүү” аттуу ыры тандалып, клип тартылды. Аталган клипке www.super.kg/media/?type=video&id=963 сайтынан күбө боло аласыздар.