18 жашты созгон Зейнеп Шакееваны кайсы ыр ышкыбозу билбейт?! Бул ырды кийинки муундун өкүлү Жанета Бобкова ырдап чыкты. Ырдын автору Аксуубай Атабаев Жанетага “ырга экинчи өмүр бердиң” деп ыраазычылыгын билдирген. Буга жетине албаган ырчы өзүн жаңы эле 18ге чыккандай сезип, башкача эргүү менен ичине 18 ыр камтылган “18 жаш” аттуу ыр жыйнагын чыгарып салды.