Ыя, деп калдыңызбы? Гүланда “сүйүнчү, кыздуу болдук!” деп биздин да оозубузду ачырды. Тактап сурасак, Сабира, Максат аттуу жаш жубайлардын өкүл энеси болуптур. Кыргызда бойдок адам бирөөгө өкүл ата, өкүл эне болбойт деген жөрөлгө бар эмеспи. Ошондон улам жаш жубайларга өкүл ата, өкүл эне боло баштаган Айбек менен Гүланда элге жар салбай, өздөрү айтмакчы, журналисттерди чакырбай эле үйлөнүп алышкан окшойт деп калдык.