ТУУРА ҮТҮКТӨӨНҮН ЖОЛДОРУН БИЛЕСИЗБИ?

  • Эгер ысык үтүктүн бетине полиэтилен пакети жармашып калса, аны төмөнкүдөй кылып тазалаңыз: Алгач үтүктүн муздашын күтүңүз. Анан лак кетирүүчү суюктук менен сүртсөңүз, үтүгүңүз өз калыбына келип калат.
  • Үтүктүн булганган бетин эч качан бычак менен кырбаңыз. Кадимки эле аш тузун кагаздын үстүнө төгүп, ысытылган үтүктү тузга жакшылап сүртүңүз. 6
  • Таза жуулган кийимди гана үтүктөңүз. Жуулбаган кийимди үтүктөсөңүз, ал кийимиңизде так калып, кийин тактын кетиши кыйын болуп калат.
  • Өтө кургак кийимдин бырышын кетириш кыйын. Андыктан, мындай кийимди үтүктөөр­дүн алдында ага бир аз суу бүркүп алыңыз.
  • Оңдон солду көздөй жана кийимдин кенен бөлүгүнөн тар бөлүгүнө карай үтүктөө туура болот. Ошондой эле туурасынан эмес, узунунан үтүктөө талапка ылайык.
  • Кийимди таза кургаганга чейин үтүктөңүз. Болбосо ал кайра эле бырышып калат.
  • Синтетикадан даярдалган кийимдерди такыр эле үтүктөбөй койгон туура. Эгер бырышып калган болсо, анда аны жылуу үтүк менен гана бир аз үтүктөп коюңуз.
  • Ачык түстүү кийимдерди сырткы бетинен үтүктөңүз, ал эми күңүрт түстүү кийимдерди ички бетине оодарып үтүктөгөнүңүз талапка жооп берет.
  • Эркектердин көйнөгүн төмөндөгүдөй тартипте үтүктөө туура. Алгач оң жеңин, анан жакасын, сол жеңин, андан соң далысын, артын, жандарын, эң акырында алдын.
  • Үтүктү үтүктөп жаткан кийимдин бир эле жеринде кармап тура бербеңиз. Антсеңиз кийимге үтүктүн изи түшүп калат.
  • Үтүктөп жаткан кийимиңиз канчалык жука болсо, астына салынган буюм ошончолук калың болуусу керек.
  • Жакшы ысыбаган үтүк ак кездемеге сары тактарды калтырып коёт.
  • Үтүктөлгөн кийим жылтырап калса, сууланган таза кездеме менен бир сыйра сүртүп, андан кийин үстүнө марля коюп дагы бир жолу үтүктөп коюңуз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
maksi
2009-08-26 02:04:07
Макала жакшы экен...үтүк кармаган аялдын сүрөтүн таппай калганынар эле кызык экен...:)
0
armin85
2012-07-04 21:11:18
кенешинерге размат бирок утукту мырзаларга берет окшойбуз го чындап!
0
gulu8177
2014-12-18 15:51:47
эч убакта соода туз менен мункун эмес азыркы утуктор соовременный чийилип калат лимонный кислота менен суртунуз
0
№ 188, 9-15-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан