БАЛАНЫН ТӨШӨГҮНДӨ ТАШЫЛГАН ГЕРОИНДЕР

Түштүктөн борбор шаарды көздөй баңгизат ташыган уюшкан кылмыштуу топтун изине түшүү үчүн баңгибизнеске каршы күрөшүүчүлөр жарым жылдан ашуун убакыт коротушту. Адам баласына өлүм чачкан "кара дары" та­шуу­чуларды таппай алар көп убара чегишти. Аягында товар ташуучунун ким экендигин билишкен кылмыш илик­төөчү­лөр­дүн таңдануусунда чек жок эле...

"БАҢГИ ТАШУУЧУ КАНАЛДЫ ТЕЗИНЕН ЖОЮУ КЕРЕК"
– Чегарадагы адамдарыбыздын берген маалыматтары качан төгүн чыкчу эле?! Бир эмес, эки жерден тосуп отуруп кандайча аларды өткөзүп жибердиңер? Жетекчиликтин өзгөчө буйругу экенин эскертпедим беле!
Кылмыш иликтөөчүлөрдүн башчысы Айдарды күрөө тамырлары көөп чыккыча урушту. Качан гана ачууга алдырып баратканын сезген соң аны кабинеттен чыгарып жиберип, башын мыкчый отуруп калды. Мындан бир ай мурун шефи чакырып, жалаң ооган героинин ташыган кылмыштуу топ бар экендиги тууралуу маалымат алгандыгын айтып, "тезинен ал каналды жойгула" деген тапшырма берген. Шефинин тапшырмасы менен иликтөөчү топ түзүп, мыкты кылмыш иликтөөчү Айдарды башчы кылып дайындады. Топтогу жигиттер күнү-түнү иликтеп жүрүп топтун изине түшкөндөй болушкан эле. Бүгүн минтип кабинетине келип, "колдон чыгарып ийдик" деп башты шылкыйтып отурушат.

БИРГЕЛЕШКЕН ЖУМУШ
Кылмыш иликтөөчүлөр минтип жетекчиден тил угуп отурушканда жашы отуздан өтүп калган Ажар кылмыштуу жолго түшкөн күндөрүн эстеп отурду.
Күйөөсү каза таап, жаңы төрөлгөн баласы менен жалгыз калган Ажар катуу кыйналды. Курсагы тойбой тынымсыз ыйлаган баласын карап отуруп зээни кейиген ал бир күнү базардагы радио түйүнүнө жумуш издеп чыкты. Жөргөктөгү баласын көтөрүп алып жумуш издеген келинди баары "акыл-эси жайындабы?" дегенсий таңдана карап жатышты. Бул күнү радиотүйүнгө өзүнө керектүү киши издеп Рустам да келген эле. Оюнда "жаш кыз же улгайган аял болсо" деп иш издегендерди көздөн өткөрүп турган. Аңгыча ыңаалап ыйлаган баласын сооротууга чамасы жок, өзүнө жумуш караштырып жүргөн келинди көрүп, кокусунан келген ойдон улам көздөрү жайнап кетти.
– Балаңыздын курсагы ачкан көрүнөт. Курсагын тойгузуп алыңыз.
Жанына келип сүйлөй баштаган бейтааныш жигитке Ажар үмүттүү тигилип, «балким, жардам берээр» деп турду.
– Жүрүңүз, сиз менен бир тынчыраак жерде сүйлөшөлү.
Ажардын макулдугун сурап отурууну оюна да албаган Рустам базардагы ашканалардын бирин көздөй басты. Аз убакыттын ичинде бир топ акча иштеп табууга үлгүрүшкөн бул экөөнүн биргелешкен жумушу ушинтип башталган эле.

АКЧА АДАМДЫ КУРУТУП ДА КОЁТ
– Рустам, ойлонуп көр. Баласы ыңаалап ыйлаган келинди чегарачылар деле текшерип отурушпайт. Туура, азыр деле оңбогондой акчаны иштеп таап жатабыз. Бирок, элестетип көрчү, товарды кошуна өлкөгө чыгарчу болсок, пайда үч эсе көбөйөт.
Унчукпай отурган Рустамды шериги көндүрө албай айласы кетти.
– Эмне, азыр түшүп жаткан пайда аз көрүнүп жатабы?
– Аз десем Кудайга да жакпаса керек. Бирок, акча качан эле көп болчу эле?
– Жок, Азиз, акча көп болгон учур да болот. Акчанын артынан түшүп, анын кулу болуп алсаң, ал сени курутуп да коёт.
Тамекисин буту менен өчүргөн Рустам басып кетти. "Ыңаалаган баласын көтөрүп алып, күнү-түнү түштүк менен башкалаанын ортосунда жүрүп, товарды жеткирип берип жатканына ыраазы болушум керек. Ажардын казактардын чегарасында баласы менен коркконунан дирилдеп жүрүшүн каалабайм". Кыжырланган Рустам ушуларды ойлоп баратты. Ал эми Рустамды көндүрө албаганына жини келген Азиз сөгүнгөн тейинче калды. Бул жигит тажиктердин чегарасынан "товар" ташып өткөзүүнү жөнгө салып турган адам болчу. Рустам Ажарга баңгизатты ташыта баштагандан бери буларга түшкөн пайда көбөйгөн. Рустамдын милдети Азизден келген товарды борборго жеткизип, тиешелүү адамдарга берүү болчу. Курьерликти Ажар мыкты аткарып жатканын көрүп-билип турган Азиз эми товарды казактарга өткөзүп берүүнү да колго алмакчы болууда. Бирок, бул опурталдуу иш болчу.

БАҢГИКУРЬЕР
– Саламатсыздарбы, борбор калаага тезинен жетишим керек болуп жатат. Азыр кетчү такси барбы?
Кардар күтүп түштүктөгү автобекеттердин биринде отурган таксист уйкулуу көзү менен Ажарды тиктеп калды.
– Эмне, ушунча шашылышпы?
– Ооба, байке, тезинен ооруканага барышым керек болуп жатат.
– Макул, сени менен үч жүргүнчү болот. Өзүм деле шашып жаттым эле, жолго чыга берейин.
Ушул учурда "жолдон түшүп калам" деп буларга дагы бир жигит кошулду. Бул Рустам болчу. Ажар экөө бирин-бири тааныбаган немелердей унчукпай отурушту. Орто жолго келгенде ал акчасын төлөп, машинадан түшүп калды. Бул айылда анын жумушу жок болчу. Тек гана жыт алып калышы мүмкүн болгондорду чаргытуунун амалын кылды. Ажар болсо "инимди балдар сабап, ал ооруканага түшүп калыптыр" деп жүргүнчүлөргө арманын айтып, калп эле ыйлап баратты.
Бир айылдын кире беришинде буларды МАИчи­лер токтотушту. МАИ кызматкерлери менен дагы үч жигит текшерүү жүргүзүп жатышыптыр. Алар өзүлөрүнүн изине түшкөн Айдар баш болгон опертоптун жигиттери экендигин Ажар билбеди. Машинага басып келген бирөөсү:
– Кана, жолдоштор, машинадан түшүп, жүктөрүңөрдү көрсөтүп бергиле. Текшеришибиз керек,- деп калды.
– Тынччылыкпы? Жүктөрүбүздү эмнеге текшересиңер? Кандай акыңар бар?
– Бул машинада бизди кызыктырган бирөө бар. Убактыңарды текке кетирбей тезирээк түшүп, жүктөрүңөрдү көрсөтүп бергиле. Сизден баштайлыбы, эже?
– Аа, макул, баштасаңар баштагыла. Менин сумкамда эмне болмок эле. Инимди балдар сабап, ал ооруканага түшүп калыптыр. Ошого деп каймак, эт салып алгам. Болгон жүгүм ушул.
Кирдеп кеткен сумкадагы эт менен каймакты көргөн милиция кызматкери жийиркенгендей түр менен мурдун чүйрүп алып башка жүргүнчүгө алаксып кетти.
Кичинекей баштыкка каймак менен этти эртең менен Рустам салып берген. "Мунун мага эмне кереги бар?"- деп таңданган Ажарга карап, "кереги ташка тийсин деп туруп сумкаңа салып кой" деген эле. Азыр анын көрөгөчтүгүнө ичинен ыраазы болуп жатты.
Сумкаларды бирден тытып шектүү эч нерсе таба албаган опертоптун жигиттердин шаабайлары сууй түштү. Өңү кубарып, баласын кучактаган боюнча үн катпай отурган жүргүнчү аял өздөрү издеп жүргөн адам экендигин кылмыш иликтөөчүлөр билишпеди. Маалыматтар боюнча, товар алып жолго чыккан курьер ушул машина менен келиш керек болчу. Аптыккан Айдар айдоочуну четке жетеледи.
– Жолдон бирөө-жарым түшүп калган жокпу?
– Түштү. Бир жигит түшүп калды.
– Кандай жигит эле? Кайсы жерден түштү?
Айдоочу келгиче Ажардын чачы агарып кеткендей болду. Алардын эмне туурасында сүйлөшүп жатышкандарын сезип турган. "Ушул сааттуу жерден эртерээк узап кетсек эле болду" деп ичинен Кудайга миң ирет жалынып жатты. Колго түшпөй аман-эсен өтүп кеткенине башкалаага келип, белгиленген жерде товарды өткөзүп берген соң деле ишене албай жатты.

"БАҢГИКУРЬЕРДИ КӨРҮП ТУРУП ӨТКӨЗҮП ЖИБЕРДИК"
– Бул кандайча болуп кетти? Ушул машинада келе жатканын так билбедик беле.
Айдардын кабинетине чогулган кылмыш иликтөөчүлөр иштин кандай болуп кеткенине түшүнбөй баш катырып отурушту. Шефинен уруш угуп чыккан Айдардын кабагына кар жаап, тамекинин артынан тамекини түтөтүп жатты. Ошол тапта олбурлуу жигит ордунан ыргып тура калды.
– Айдар байке, биз товарды көрүп туруп өткөзүп жибериптирбиз!
– Кандай дейсиң?
– Билесизби, өткөн жолу үч машинаны жолдон тосконбуз. Ошондо "тишим ооруп жатат" деген аял эсиңиздеби?
– Ооба, эсимде.
– Ал аялдын колунда жөргөктөгү баласы бар болчу. Жанагы машинада да...
– Токточу?!
Саамга бир чекитти тиктей телмире түшкөн Айдар столду бир муштады.
– Түгөнгүрдүкү десе! Туура айтасың.
Жарым жыл ичинде Ажардын турмушу кадыресе оңолуп калды. Кичинекей батирде турган ал эки бөлмөлүү үй алып, азык-түлүк сатуучу күркө ачууга да жетишти. Оюнда машина алып, колдон келсе, дүкөн ачып алгыча курьерликти таштабай турууну оң көргөн. Бирок, акыркы ирет товарды алып өтүүдө Кудайдан болуп эле кармалбай калганын ойлосо, бүт денеси жымырап барып оңолот. Ойлонуп көрүп, "бул ишти токтотуу керек" деген чечимге келди. Анын "ишти токтотом" дегенине Рустам макул болбоду. "Ири өлчөмдө бир партия товар бар. Ошону жеткизип бер да, каалаган ишиңди кыл. Андан кийин мен сени бошотом",- деди. Катуу кыйналып турганда жардам берген жигиттин сөзүн эки кыла албай Ажар дагы жолго чыкты. Бирок, бул ирет буту тартпай, баласы да жол ката чыргоолонуп ыйлап баратты. Бир калыпта термелип бараткан машинада көзү илинип кеткен экен, ал токтогондо чочуп ойгонуп кетти. Машинаны МАИчи­лер тосушуптур. Кызыл шапкечен МАИ кызматкеринин артынан баягы сумкасын тытып, этти көргөндө мурдун чүйрүгөн жигитти көрүп эси эңгирей түштү. "Бүттү, балам, биз курудук..." Жөргөктөгү баласын катуу кучактап кысып салганын, ал чыдабай барылдап ыйлап жатканын да сезбей отура берди. Ажардын көзүнө тик караган кылмыш иликтөөчү унчукпай баланы колуна алды. Бала жөргөктөлгөн төшөктү алып, четин бычак менен тилип жиберген Айдар эси оой бир Ажарды, бир ыйлап жаткан баланы, бир төшөктү тиктеп туруп калды. Төшөктүн ичи тептегиз тизилген кичинекей жалпак баштыктар менен толтурулган эле.

Даярдаган Айбек Нурадилов. Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 288, 9-15-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан