Айжан Газиева 15 жылдан бери белгилүү музыкант Рафаэль Сарлыкбековдон вокалдан сабак алып келген. Ырчы эми өзү мугалимдик кесипти аркалай баштады. Тагыраак айтканда, каалоочуларга өз алдынча вокалдан сабак берип, анан Бишкектеги мектептердин биринде музыка сабагынан мугалим болуп эмгектенүүдө.