ПРЕЗЕРВАТИВДИН ТАРЫХЫ ТУУРАЛУУ…

“Ар нерсенин тарыхы болот” эмеспи. Анын сыңарындай, биз билген кадимки презерватив да жөн жерден эле пайда боло койгон эмес. Анын келип чыгышы тээ байыркы замандарга барып такалаары, урматтуу окурман, оюңузга да келбеген чыгаар...

  • Биздин эрага чейинки 3000-жыл. Презерватив тууралуу эң алгачкы маалымат байыркы легендалардын биринде камтылган. Анда мындайча баяндалат: “Грек ханышасы Пасифая күндөрдүн биринде күйөөсү, падыша Миностун ала жипти аттап жүргөнүн билип калат да, ачууланганына чыдабай каргап коёт. Ал каргыштан кийин Минос таңкалыштуу абалга туш боло баштайт: аялынан башка ким менен болбосун, төшөк кумарынын туу чокусуна чыкканда белсуусунун ордуна уулуу жыландар, чаяндар түшөт. Анан алар кучагындагы бечара ойношун аёосуз чагып, өлүмгө дуушар кылышат. Бул тез эле көпчүлүктүн арасына тарап, падыша менен төшөктө болгусу келген айымдардын саны кескин азайып кетет. Ошондо капаланган Минос эчкинин табарсыгын “алигисине” кийгизип туруп жыныстык катнашта болуп көрөт. Жыйынтыгында, ойноштору аман калып, кызганчаак аялы да бул жөнүндө билбеген бойдон калат”.
  • Биздин доорго чейинки 2000-жыл. Байыркы гректерден кийин египеттиктер презервативдин жардамы менен сактанууга өтүшкөн. Анткени, Египеттин калкы өтө тукумчул болгон. Буга далил катары, изилдөө учурунда тарыхчылардын териден жасалып, баалуу таштар менен кооздолгон презервативди кийген египеттик эркектин сүрөтүн таап алышкандыгын айтууга болот.
  • Биздин доорго чейинки 1000-жыл. Байыркы римдик аскерлер согуштук жүрүшкө чыгаарда койдун кургатылган ичегисинен жасалган презервативдер менен жабдылып турушкан. Бирок, эмнегедир Рим империясы кулагандан кийин презерватив орто кылымдарга чейин таптакыр унутта калып, аны эч жерде эч ким колдонбой калган.
  • Орто кылымдарда күтүүсүздөн дүйнөнүн жарымын: 1496-жылы бүтүндөй Батыш Европаны, 1500-жылы Орусияны жана Ыраакы Чыгышты, 1512-жылы Жапонияны сифилис оорусу каптайт. Муну жер-жерлердеги дин өкүлдөрү “жер бетинде бузукулук, сойкулук көбөйүп кеткендиктен улам Кудай адамдарды атайын жазалап жатат” деп түшүндүрүп, элди Кудай жолуна түшүүгө үгүттөөгө өтүшөт. Ошондон кийин чынында эле аялзаты массалык түрдө монастырларга кете баштайт. Мындай көрүнүштөргө тынчсызданган италиялык врач Габриэль Фалоппий 1564-жылы зыгырдан жасалган презервативдерди ойлоп чыгарып, элге жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардан сактануу үчүн колдонууга сунуштаган. Бул презервативдердин түзүлүшү мүшөкчөгө окшош болуп, эркектин “алигисине” ичке жиптер менен байланып бекитилген.
  • XVIII кылымда презервативдер ар кандай жаныбарлардын жана балыктын терисинен иштетилип жасала баштаган.
  • XIX кылымда презервативдердин алгач резинадан жасала башташы чоң жаңылык эле. Бул колдонууга өтө ыңгайлуу болгондуктан, бат сатылып турган жана баасы арзан болгон. Кийинчерээк латекстен жасалып чыгарыла баштаган. Бирок, 1950-1970-жылдары бойго бүтүүдөн сактоочу таблеткалар ойлоп чыгарылгандыктан, презервативдерге болгон элдин суроо-талабы азая түшөт.

Ошого карабай учурда презервативдерди колдонуу ар кандай жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардан жана бойго бүтүүдөн сактануунун ишенимдүү жолу катары белгилүү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 288, 9-15-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан