Бир жыл мурун түтүн булатып, ата-энесин келиндүү кылган эстрада-фольклор ырчысы Аскат Мусабековдун учурда учуп-күйүп турган чагы. Анткени ырчынын жубайы кыл кыякчы Залина Касымованын ай-күнү жакындап калды. Аскаттын айтымына караганда, Жаңы жыл түнү ата статусуна ээ болушу да мүмкүн экен. Ырчынын жубайы кайсы күнү болбосун, иши кылып аман-эсен көз жарышын каалайбыз.