ҮЙБҮЛӨЛҮК ЧАТАК ДЕНСООЛУККА КАНДАЙ ЗЫЯН АЛЫП КЕЛЕТ?

Талаш-тартыш, чыр-чатак кездешпеген үйбүлө болбойт. Чырдын чыгуу себеби да көп. Мисалы, дамамат чарчоо, көз караштардын жана табиттин төп келишпестиги, финансы маселеси... Уруш-талаш жубайлардын эле эмес, балдардын да денсоолугуна коркунучтуу. Мындай жыйынтыкты америкалык, англиялык окумуштуулар бир топ изилдөөлөрдүн жыйынтыгында чыгарышкан. Төмөндө ал жыйынтыктан жана жубайларга пайдалуу кеңештер…

ЖУБАЙЛАРДЫН ЧАТАГЫ ЖАНА ООРУЛАР

  • 30 мүнөттүк эле уруш-талаш жубайлардагы жара менен жаракаттын айыгышын бир топ кечеңдетип, иммунитетти төмөндөтөт.
  • Дамамат болуп туруучу үйбүлөлүк уруш чоң адамдарда олуттуу оорулардын пайда болуу коркунучун 3 эсеге көбөйтөт. Стресстик абал кан басымдын бузулушуна жеткирип, жүрөк-кан тамыр оорусу барларда оорунун тереңдешин 2 эсе күчөтөт. Мындайда инсультка же инфарктка кабылган адамдардын өмүрүнө коркунуч чоң.
  • Гормоналдык тең салмактуулукту бузат. Бул эркектерде да, аялдарда да ооруну жаратат.

УРУШТУН БАЛДАРГА ЗЫЯНЫ

  • Күн сайын ата-энелеринин уруш-талашын байкаган балдар көбүрөөк оорушат. Көбүнчө неврозго кабылышат. Уруш ата-энелер үчүн терс энергияны чыгаруу болсо, балдарга (көбүнчө жаш балдар үчүн) бүтүндөй трагедия. Бул балдардын психикасына таасирин тийгизип, мүнөзүн, жүрүш-турушун да өзгөртөт. Мисалы, кээси уруш убагында ата-энесинин бирине болушуп, эмоцияга алдырып, эмне кылып, эмне деп сүйлөп жатканын да билбей калат. Эмоцияга алдыруу бара-бара анда калыптанып, ал агрессивдүү адамга айланышы мүмкүн. Алтургай мунун арты менен кылмышка да баруусу ыктымал. Кээси уруш-талаш убагында эч нерсе айтпайт. Анткени, анын көңүлү уруштан калып бүткөн. Андан көрө ичтен сызып, жалгыздыкка ыктоону артык көрөт. Бул ичимтаптык жана жалгыздыкты сүйүү мүнөзүн жаратып, коллективге аралашуу, өз оюн ачык айтуу кыйынга турат. Чоңойгондо бул мүнөзүнүн залакасын көп тартып, ичинен нервденип жүрүп ооруга дуушарланат.
  • Ата-энелери күн сайын урушкан балдар өз курагындагыларга салыштырмалуу өсүү жагынан артта калышат. Мисалы, бой жагынан 10 сантиметрге чейин кичинекей болот. Мунун себеби стрессте баланын организминде бойду өстүрүүчү гормондордун аз иштелип чыккандыгында.
  • Мындан тышкары, бөбөктөрдүн тилдери кеч чыгышы да мүмкүн.

ҮЙБҮЛӨЛҮК ЧАТАКТА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР БОЛБОЙТ!
(Же уруша билүүнү да үйрөнүңүз! )
Үйбүлөлүк чатак чыккан күндө да, жубайлар өздөрүнүн жана балдарынын денсоолуктарына жана психикасына залал келтирбөөгө аракеттенүүлөрү зарыл. Анткени, үйбүлөлүк чатакта жеңүүчүлөр жок, жалаң жеңилүүчүлөр болот. Андыктан, уруша билүүнү да үйрөнүңүз:

  • Уруш баштаардан мурун аны кантип аяктоо керектигин ойлонуңуз. Албетте, уруштан соң жарашууну каалайсыз да, туурабы? Мындай болсо эски таарынычтарды эстебөөгө аракет кылыңыз. Учурда кайсы маселени көтөргүңүз келсе, ошол тууралуу гана кыска, так айтыңыз. Үнүңүздү көтөрбөңүз. Жубайыңызга (күйөөңүзгө) өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк бериңиз.
  • Чыр-чатак көбүнчө жубайлардын экөө тең чарчап, кечке топтолгон чыңалуулары күтүлбөгөн жерден сыртка чыкканда болот. Андыктан, кечкисин өзүңүздү кармап, үйдө жагымдуу абалдын өкүм сүрүшүнө аракеттениңиз. Айта турганыңызды эртең мененкиге калтырыңыз. Кечкиден көрө эртең мененки акыл өйдө. Анын үстүнө, кечээ кечинде эле орчундуу сезилген маселе болбогон маселе болуп чыгышы мүмкүн.
  • Уруштан соң узакка таарынууга болбойт. Бул ортонун ачылышына алып келиши мүмкүн. Андыктан, жарашууга бел байлаңыз.
  • Эшикке чыга качуудан көрө сиздики туура эмес болсо, моюнга алып, чырдын эрте токтошуна кам көрүңүз. Түгөйүңүздүкү туура эмес болсо, кыйкырбай акырын гана айтып, анан “мындай майда жаңылыштык ар кимде болот, андыктан, кечиримдүү” деп уруштун жумшак бүтүшүн камсыз кылыңыз.
  • Эч качан балдардын көзүнчө урушпаңыз. Чоң чатак алардын жүрөгүнө из калтырат. Кокус балаңыз урушуңуздарды угуп калса, анда балага “түшүнбөстүктү чечиштик, эми биз бири-бирибизди капа кылбайбыз” же “ биз кээде бири-бирибизге жинибиз келе түшөт, бирок, баарыбир бири-бирибизди жакшы көрөбүз, эми кыйкырышпайбыз” деп айтыңыз. Бирок, ошондон кийин ага берген убадаңызга туруңуз. Бул – өзүңүздү тарбиялаганыңыз жана балаңыз үчүн кам көргөнүңүз.
  • Бала урушка кийлигишкиси келсе, “бар ары, бул сенин ишиң эмес!”, “ сенин атаңа (апаңа) ишенгим келбейт!”, “бизди карабай, барып бөлмөңдү жыйна!” деген сөздөрдү эч качан айтпаңыз. Бул балада чочулоону пайда кылып, “качан үйдө дагы уруш болуп кетет?” деп жүрөкзаада болуп жүрүүнү жаратат. Андыктан, кандай болгон күндө да баланы жубатыңыз.
  • Төмөнкү темаларда урушпоо керек:
  • Сүйүктүүңүздүн физикалык жактан жетишпестиги.
  • Дин жаатында.
  • Материалдык абал туурасында. Мисалы, “мен сага караганда көп табам”.
  • Коңшуга салыштырып. Мисалы,“коңшубуз машина алды, а бизде килемге да акча жок”.
  • Социалдык статус жаатында. Мисалы, “сен үстүңдөгү бир сыйраң менен жүргөндө сага үйлөнүп, адам катарына кошуп келатам”.
  • Туугандарды кошуп урушуу. Сиздердин урушка тиешеси жок адамдарды аралаштырып сүйлөөнүн кереги жок. Мисалы, “сен апаңа окшоп урушчааксың”.

Кыскасы, урушпоо үчүн өзүңүздү интеллигенттүү болууга тарбиялаңыз. Интеллигенттүүлүк – акыл, эрудиция (көп нерсени билип, таануучулук), сырткы жана ички маданият (сыпайылык, чыдамкайлык ж.б.), башка адамды сыйлоо (бир гана жакшы сапаты болсо да)...

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 288, 9-15-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан