10-декабрь. Ар жылы бул дата легендарлуу “Кыз-бурак” тобу үчүн чоң майрам менен коштолот. Анткени бул күнү Гүлшайыр Садыбакасова менен анын кызы Сайкал туулган күндөрүн белгилешет. Кош майрамды топтун кыздары даамдуу тамактарды өз колдору менен жасашып, жайыл дасторкондо топтун бардык курамы менен өткөрүштү. Ал эми жетекчиси менен кенжетайына эстеликке калчу белек берүүнү эстен чыгарышкан жок. Бул жолу топтун кыздары Гүлшайыр эжеге анын сүрөтү түшүрүлүп токулган чоң килем белекке беришти. Кыргыз ыр дүйнөсүндө аты белгилүү эне-кызды биз да жылуу куттуктап, ийгиликтерди кааламакчыбыз.