ШАТУНОВдун ЧЫРГА АЙЛАНГАН КОНЦЕРТИ

15-16-декабрда Орусиянын белгилүү ”Ласковый май” тобунун ырчысы Юрий Шатунов концерттик программасы менен Бишкекке келип кетти. Спорт Ордосунда өткөн концерттин экинчи күнү кабарчыбыз барып, сахна артынан укмуштуудай чыр окуяга күбө болду.
Ал төмөндөгүчө. Эки айым чырылдашып, чачташып жаткан жеринен милиция кызматкерлери келип, бирөөсүн кармап кеткен. Кармалып кеткени концертти уюштуруучулардын бири, өзүн ырчы, "Ажар" тобунун жетекчиси катары тааныштырып жүргөн Назгүл Кемелова экен. Так эмес маалыматтарга караганда, Назгүл айым карызга батып, көп адамды алдап кеткен. Чырдын чыгышына да ушул себеп болсо керек. Концерттин көрүүчүлөрүнүн 50 пайызы аскерлер болсо, калган отузу катардагы көрүүчүлөр болгон. Ошондой эле көрүүчүлөрдү "концертке Шатунов өзү келбей эле, анын түгөйү келген имиш" деген кеп аралады. Бирок ырчы Жаныш Момуновдун айтымында, Шатунов өзү келген. Анткени Жаныш Юрий менен сүйлөшүп, сүрөткө түшкөн. Момуновдун айтымында, элдин аз келиши жана чырдын чыгышы уюштуруучулардын айынан болуптур.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан