Жаныбек жана Анара Чилетировдор жетектеген “Жаш кыял” элдик бий ансамбли Жаңы жылга кызуу даярданышууда. Кантип дейсизби? Алар “Кыял” деп аталган театралдаштырылган оюн-зоок программасынын үстүндө иштеп жатышат. Оюн-зоокту 24-25-декабрь күндөрү “Сейтек” борборунан көрө аласыздар.
Чыгармачыл жубайлардын бирге түтүн булатып келе жатканына 23 жылдын жүзү болгон. Бул датаны Чилетировдор жакын санаалаштардын коштоосунда, жагымдуу маанайда белгилешти.