“Элдин баары Эл артистин алып бүтмөй болду, биз дегеле эмгегибизди сиңирип бүтпөй койдук” деп улуу муундун өкүлдөрүнүн кейигенин угуп калган жайыбыз бар. Бул сөз Маданият агенттигинин кызматкерлерине да жеткенби, айтор, төбөсү көрүнгөн ырчыларга КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын ыйгарышты. Алар Расул Маматкулов, Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова жана Асел Турдалиева. Наам алган агай-эжекелерди биз да куттуктайбыз.