ТАҢ СУПАCЫ ИҢИР БЕЙКУТ

Сүйүктүү жар, мээримдүү эне болууну кыялданган кыздар каардуу согуштун айынан ал кыялдарынын бирөөсүнө да жете албай калышты. Мекенин коргоого, аталары, агалары үчүн өч алууга аттанган кыздардын оор тагдырын сүрөттөгөн бул фильмди көргөн чыгаарсыз. Улуу согушту эске салып жыл сайын Жеңиш күнүнө карата көрсөтүлгөн тасманын таржымалы төмөндө.

Режиссёру – Станислав Ростоцкий
Оператору – Вячеслав Шумский
Композитору – Кирилл Молчанов
Сценарийин жазгандар – Станислав Ростоцкий, Борис Васильев
Ролдордо: Елена Драпеко, Екатерина Маркова, Ольга Остроумова, Ирина Шевчук, Ирина Долганова, Андрей Мартынов, Людмила Зайцева, Алла Мещерякова, Алексей Чернов, Виктор Авдюшко жана башкалар

БОЛГОН ОКУЯНЫ ЧАГЫЛДЫРГАН ТАСМА
Улуу Атамекендик согуш, ал калтырган кара так көптөгөн таланттуу жазуучуларды ойго салган. Орду толбос, түбөлүк жоголгон муунду алып кеткен улуу согуш тууралуу эсте калаарлык чыгармалардын бири – жазуучу Борис Васильевдин чыныгы жашоодо болуп өткөн окуяны сүрөттөгөн “Таң супасы иңир бейкут” повести. Бул повесттин каармандары менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгү анын негизинде тартылган тасма жарык көргөндө пайда болду.
Старшина Васков баш болгон батальонго зенитчиктер отряды келет. Мыкты аскерлерди күткөн старшина «жардамга кыздар келет» деп эч күткөн эмес. Согушта жүрсө ажарлуу, шайыр, назик кыздардын бирин-бири тамашага салганын байкап, ичинен эркек жоокерлерден кем калбаган эр жүрөк кыздарга таң берип келет. Тылда немистердин диверсиондук отряды пайда болгондо душмандын маанилүү аскерий объектилерин коргош үчүн Васков 5 кыз менен 16 диверсантка каршы теңсиз согушка чыгат.
“Таң супасы иңир бейкут” фильми согушта курман болгон 20 миллион адамдын арасындагы 5 кыздын окуясын айтып берет. Жөн гана беш кыз эмес, беш жаш жа­на шер жоокерлер жө­нүн­дө, алардын артында турган эл, Мекен жө­нүн­дө.
Согушту чагылдырган фильмдерде көрүү­чү кырылып аткан миңдеген жоокерлерге көңүл бурбастан, ага жакын бир гана аскердин өлү­мү үчүн ичи ачышат. Сталин айткандай, “бир кишинин өлүмү – трагедия, миң кишинин өлүмү – статистика”.

КАНТИП ТАРТЫЛГАН?
“Таң супасы иңир бейкут” фильми 1972-жылы тартылган. Фильмдин режиссёру Ростоцкий өзү 1922-жылы туулган жана кандуу согушка бетме-бет кезиккен. Балким, ошол себептенби, ал өз көзү менен көргөн согушту көркөм тасма аркылуу элге мыкты жеткире алган.
Ростоцкий согуш учурунда катуу жаракат алып, анын өмүрүн бейтааныш мээрман айым сактап калган. Жарадар адамды согуш майданынан алып чыгып, бир нече чакырымга чейин колуна көтөрүп келген ошол аялдын урматына Ростоцкий ушул фильмди тарткан.
Мончодо чечинүү эпизодун тартууда советтик кыздар үчүн миңдеген көрүүчүлөр алдында чечинүү чоң оорчулук эле. Ошондогу режиссёрдун кыздарга кайрылып: “Мен согуш октору күчтүү эркек денелерине эмес, бала төрөш үчүн жаралган аялдардын назик денесине тийип жаткандыгын көрсөткүм келет”,- деген сөздөрүн актрисалар эстеп калышкан. Мындан сырткары, кээбир эротикалык көрүнүштөрдү монтаж учурунда кесип салууну туура көрүш­көн.
Фильмдин башкаарманы старшина Васков согуш учурунда жоокер кыздар үчүн кандай командир болсо, режиссёр Ростоцкий да актрисалар үчүн ошондой башчы эле. Тасма катаал климаттык шарттарда тартылгандыктан, тартуучу топ көптөгөн оорчулуктарды башынан өткөргөн. Саздан өтүү эпи­зоду – эң оор көрүнүш­төр­дүн бири болгон жана аны тартууга бир нече жума кеткен. Режиссёр да согуштан алган жаракаты, бутундагы протезине карабастан актёрлор менен кошо күн сайын ошол саздан өтчү. 2001-жылы Станислав Ростоцкий тасмасынын 30 жылдык мааракесине бир жыл жетпей дүйнөдөн кайтты.

КААРМАНДАР
Тартуучу топтун дээрлик бардык мүчөлөрү фронтчулар эле. Женя Камелькованын ролун аткарган Ольга Остроумовадан башкасы үчүн бул тасма дебют болгон. Ал эми Ольга ошол эле Ростоцкийдин “Дүйшөмбүгө чейин жашайлы” (“Доживём до понедельника”) фильминде тартылган.
Лиза Бричкинанын ролуна Елена Драпекону дайындашкан. Бир учурда актриса менен режиссёрдун пикирлери келишпей, Ростоцкий аны тасмадан чыгарып салууну да ойлогон. Бирок, чыр чечилип, офицердин суйкайган сулуу кызы Елена айылдык карапайым кыз Лизанын ролун аткарган. Фильмдеги актрисаларды сулуулаш үчүн гримдешсе, Еленага грим анын түрүн бузуу үчүн керектелген экен. Бүгүн жоокер Лиза Госдуманын депутаты, Маданият жана туризм боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.
Рита Осянинанын ролун аткарган Ирина Шев­чук бул фильмдин аркасынан популярдуулукка жетишкен. Анын эсинде калган эпизод – курсагына ок тийип, өлүп бараткан жери. Ирина өлүп жаткан кыздын образына катуу кирип кетчү экен да, аны кайра эсине келтирүү кыйындыкка тураарын башка актрисалар эскеришет. Азыр Шевчук КМШ жана Балтия өлкөлөрүн камтыган “Киношок” ачык кинофестивалынын мүдүрү.
Екатерина Маркова көрүүчүлөрдүн эсинде Галя Четвертак катары калган. Азыр бул актриса детектив романдарын жазуу менен алек экендигин билгендер аз болсо керек. Ал эми Соня Гурвичтин образын мыкты жараткан Ирина Долгановага Төмөнкү Новгороддун мэри ушул тасмада мыкты образ жараткандыгы үчүн “Волга” машинасын белек кылган.
Унутулгус каарман Васковдун ролун актёр Мартынов Андрей аткарган. Алгач режиссёр “бул актёрду туура эмес тандап алгам” деп ойлогон. Анда жарык бергич, айдоочу жана декораторлор болуп бардык тартуучу топ добуш берүү жолу менен так ошол актёрду башкы ролго тандап алышкан. Мартынов мурутун атайылап съёмка үчүн өстүргөн. Карьерасын жаңы түзүп келаткан 26 жаштагы актёр жашы улуу старшинанын ролун мыкты аткарып, дароо совет киносунун жылдызына айланды.

ИЙГИЛИК
Бир нече эл аралык кинофестивалдардын лауреаты, 1973-жылдын кире лидери болгон (66 миллион адам көргөн) “Таң супасы иңир бейкут” фильми КМШда гана эмес, бүткүл Европада, Америкада, жадакалса Германиянын өзүн­дө да шумдуктуудай кабыл алынды. Фильм 1972-жылы Венециядагы (Италия) ХХХIII Эл аралык кинофестивалда биринчи сыйлыкка арзыган. “Эки жарым миң көрүүчүдөн турган зал кино бүтө электе эле ордунан туруп, жөнөкөй орус актрисаларына алакан чаап жатышты”,- деп эскерет фильмдин режиссёру Станислав Ростоцкий.
Америкалык киноискусство академиясы тасманы “Жылдын мыкты беш тасмасынын бири” деп таап, “Оскар” киносыйлыгынын номинанты болуу аркылуу советтик шедевр бүткүл дүйнөгө атагы чыкты.
Ал эми 1973-жылы тасма Алматыдагы VI Бүткүл Союздук кинофестивалда биринчи премияга татыктуу болгон. Фильмдин жаратуучулары – режиссёр С. Ростоцкий, повесть менен сценарийдин автору – Б. Васильев, оператору – В. Шумский жана актёр – А. Мартынов 1974-жылы Ленин комсомолу сыйлыгына, 1975-жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына ээ болушкан.

КЫТАЙЛАР ДА ТАРТКАН
Туура 3 саат 10 мүнөткө созулган тасма 2005-жылы Кытайдын борбордук телевидениесинин (CCTV) демилгеси жана режиссёр Мао Вэйнин эмгеги менен 20 бөлүмдөн турган сериал катары тартылып чыкты. 1972-жылкы тасманын римейкин (кайра тартуу) жасоого повесттин автору Б. Васильев өзү уруксатын берип, редакциялоого катышкан. Кытай версиясында повесттин биз көргөн тасмага кирбей калган бөлүмдөрү тартылган жана актёрлордун баары орустар.

ТАСМА – КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ
«Таң супасы иңир бейкут» Акматбек Солтобаев тарабынан кыргыз тилине которулган. Режиссёр Фатима Момуралиева жана үн редактору Светлана Толканованын жетектөөсү алдында Гүлсара Дуулатова, Искра Раимкулова, Аят Абдрахманова жана Сайнеке Жунушалиевалар тасманын кыргыз тилиндеги дубляжына катышышкан. Ал эми башкаарман Васковдун үнүн Советбек Жумадылов коштоп берген.

УНУТУЛГУС ШЕДЕВР
Согуштан кийин төрөлгөндөр “Таң супасы иңир бейкут” фильмин көрүп, фашист тозогунун каардуулугун, душмандын зөөкүрлүгүн, баласынан айрылган эненин, атасынан айрылган жетимдин ыйын түшүнө алды. Фильмдин акырында «баланча фронтто маанилүү эч нерсе деле болгон жок...» деген фраза айтылат. Албетте, эң сонун алты адамдын өлүмү согуштун масштабына салыштырганда маанилүү эч нерсе эмес. Себеби, бул согуш чындыгы.

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 288, 9-15-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан