Кылычбек Султанов: «ОКУРМАНДЫН ИШЕНИМИН АКТОО – ЧОҢ ЖҮК»

“Супер-Инфо” гезити эки жылдан бери “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын нускасы” наамына ээ болуп келет. Эми гезит 2010-жылга 109 миң нуска менен кадам шилтеди. Ийгиликтен ийгиликке адымдаган гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султановго 100 миң нусканы багынткандагы сезимдерин билүү үчүн кайрылдык.

– Сүйүнүч менен биргеликте жоопкерчилик мурункудан да күчөгөнүн туюп турам. 100 миңден ашуун нуска бул – 100 миңдеген окурман. Окурмандын ишенимин актоо чоң жүк эмеспи.
– Жаңырган жылда кыргыз элине эмне каалайсыз?
– Каалоо-тилек айтардан мурда “Супер-Инфонун” ар бир окурманына, жок, окурман десем алыс болуп калат экен, ар бир санаалашыбызга, досубузга, бир туугандарыбызга бизге ишенгени үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Кандай гана кыйынчылык болбосун, моюн сунбай жеңүүгө аракеттениңиздер. Ден соолукта жакындарыңыздын кашында бактылуу болууңуздарды чын дилимден каалайм! Жолборс жылы ар бириңиздерге ийгиликтерди гана алып келсин!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан