Жаңыдан гастролдон келип, Жаңы жылга даярдык көрө баштаган ырчы Бегимай Бекбоева тамакка ууланды. Кандайча дейсизби? Бегимай Бишкектеги «Ош базарына» жакын жерден гамбургер сатып жеген. Көп өтпөй ырчы ооруп басалбай калгандыктан, атасы куудул Токтор Бекбоевди чакырган. Токтор мырза келе калып кызын ооруканага жеткирсе, ал жактан доктурлар Бегимайдын тамакка ууланганын айтышкан. Бекбоева 3 күн ооруканада дарыланып чыкты.
Көчөдөн тез даярдалуучу азыктарды сатып алып уулангандар көбөйүүдө. Андыктан сак болуңуздар!