ЖКнын депутаты жана белгилүү ырчы Ибрагим Жунусов 23 жаштагы кызы Алинаны күйөөгө узатты. Кызы алыска деле кеткен жок, Ноокатка келин болду. Ибрагим мырзанын күйөө баласы Ильяз менен кызы Алина Кыргыз орус-славян университетинде окуп жүрүп таанышкан экен. Кыздарынын кенжесин башка бүлөгө тапшырган Жунусов бир чети сүйүнсө, бир чети ичи ачышып турган чагы.