Айгүл Чалова көптөн бери көрүнбөй кеткен. Анткени ырчы кыз жеке турмушун куруу максатында жүрүптүр. Сүйлөшүп жүргөн жигити бешенесине буюрган эмеспи, айтор, Айгүл андан кол үздү. “Жигитим экөөбүз баш кошолу деп жүргөнбүз. Байкашымча ата-энеси бул чечимибизге каршы болсо керек",- дейт ырчы. Айгүл мындай кабарды укканда жигитин таштоону туура көрдү.