Роза Шакирова балалуу болгондон кийин ашыкча салмак кошуп алган. Эми келбет-мүчөсүнө кам көрүүнү туура көрдү. Башкача айтканда, ырчы уулуна бала багуучу жалдап, учурда чыгыш бийин үйрөнүп жатат. Ырчы кирип келген жылдын февраль айында өтө турган концертине чейин “жок дегенде 5 килограммга арыктасам” деп болгон күчүн жумшоодо.