Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон “Айкөл” тобу эки бөлүнүп кетип, өз тиричиликтери менен алектенип калышкан. Эми топ кайрадан биригүүнү чечишти. Бул чечимге келүүгө Каракол шаарынын 140 жылдык мааракеси себеп болду. Алар мааракеге арналып уюшулган кечеде жолугуп калышкан. Ошондо ырчыларга эргүү келип, мурунку жагымдуу мүнөттөрдү кайталагысы келишип, “кайрадан биригебиз” дешти. Эми Советжан Асанкадыров жетектеген топтун ырчылары Ырысбек Акматжанов, Жылдызбек Байтемиров жана Абдылас Кошунбаевдер элине кайрадан “салам, калкым салам!” дешет. “Айкөлчүлөрдө” учурда толугу менен чечилбеген бир маселе калды. Ал жарымы Ысык-Көлдө, жарымы Бишкекте жашап жатканы.