“Сон” ыры менен жаштар арасында аты чыга баштаган жаш ырчы Улан Күмүшбеков Кытайдын Шанхай шаарындагы Каржы-экономикалык университетинде 2-курста окуйт. Ал жакында эки айлык каникулга чыгып, мекенине кайтып келди. Жаш ырчы Кытайда жүргөндө бош убактысын жалаң обон чыгарууга жумшаптыр. Ошонун жыйынтыгында жети обон жаратып, аранжировкасын Кытайдан жасата келиптир. Учурда жетөөнүн экөөнө сөз жаздырып бүтүп, клип тарттыруу менен алек.