Учурда Чубак уулу Кубанычтын кубанычы коюнуна батпай, баш кийимин көккө көкөлөтө ыргытып турган чагы. Себеби ал 11-январь күнү алгач ата сезимин туюп, бала жытын жыттады. Жарыкка келген перзентке кандай ысым ыйгарарын азырынча билбей жатышат. Ымыркай 3 килограмм 800 грамм салмакта төрөлдү.