Жаңы жыл ырчы Замир Арыкбаев үчүн чоң той менен башталды. Ал кичүү кызы Акмаралга бешик той жана бир жыл мурун алган өргөөсүнө там той өткөрдү. Арыкбаевдин жакшылыгын, албетте, ата-энеси, жакындары менен бирге сахналаш достору да бөлүштү. Тойго 200 киши чакырылып, жылуу маанайда өттү. Учурда Замир чоң милдеттен кутулуп, “уф-ф!” деп чалкалап отурган чагы.