АЙЧҮРӨКТҮ КИМДЕР САБАП КЕТИШТИ?

Кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлү Айчүрөк Иманалиева Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын жакында эле алып, кубанычы коюнуна батпай жүргөн кези эле. Бул айымдын күйөрмандары да, көрө албаган душмандары да көп экени турган иш. Жаңырган жылда Бек Борбиев концерт койбодубу, ошол концертке жолдошу Таалай экөө барып, жакшы маанайда үйүнө кайтышкан экен. Үйүнүн кире беришинен экөөнү төрт жигит токтотуп, көгала кылып сабап кетишиптир. Сабап гана тим болбой, ырчыны “бирөөнү капа кылып жүрөсүң, жөн жүр!” деген өңдүү сөздөрдү айтып коркутушуптур. Ырчы айым милицияга арыз жазып, кимден шектенип жатканын ачык айтканы менен, өзүнө кастарын тиккен ал адамдын ким экендигин элге азырынча айтпай турууну оң көргөн өңдүү. Айчүрөк эже эртерээк айыгып, күйөрмандарын кубантып ырдап жүрө берсин демекчибиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан