«Үч-Теректин үч кызы» деп таанылган эже-сиңди Райымбековаларды кимдер гана тааныбайт? Эже-сиңдилердин чыгармачылык кемеде чогуу сүзө албагандыгына Дилбар Райымбекованын Каракол шаарында жашап калганы себеп болгон. Эми Дилбар Райымбекова кайрадан баш калаабызга үй-бүлөсү менен көчүп келүүгө камынып жатат. Анапия айым: “Дилбар Бишкекке келери менен “Мен кыргызмын” аттуу жаңы жаралган ырыбызга жакшы клип тартып, кайрадан жанданалы деп турабыз”,- деп жакшы кабар айтты. Ал эми Лира Райымбекова эжеси Анапия менен биргеликте учурда Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлар” тобунда кызуу иштеп жаткан кези.