Популярдуу телеалпаруучу Эрмек Нурбаев Улуттук биринчи каналдын көпчүлүк сүйүп көргөн “Браво” телеберүүсүнөн биротоло кетти. Эрмек: “Браводон” кетүүмө телеберүүнүн эфирдик күн тартибинин өзгөргөнү себеп болду. Мурун ар жуманын шаршемби күнү кечкисин коюлган тартип мага ылайыктуу болчу. "Бравонун" түшкү убакытка жылдырылганы, менин башка жумуштарыма тоскоол болууда. Ошондуктан өз каалоом менен кеттим”,- дейт. Нурбаев биз менен алдыга койгон пландары тууралуу бөлүштү. Учурда алпаруучу жаңы теледолбоордун үстүндө иштеп жатат.