ТАБЫШМАКТУУ МИСТЕР КРЕДО

Александр Махонинден Мистер Кредого айлануу
Мистер Кредонун өзүнүн аты-жөнү Александр Махонин. 1971-жылы 22-ноябрда Екатеринбург шаарында жарык дүйнөгө келген. Кичине кезинен баштап эле музыкага кызыгуусу арткан Саша барабандарды тарсылдата ойноп бир авазга келтиргенди жакшы көргөн. Ал эми эс тарта түшкөндө өзү гитара сатып алып ойной баштайт. Ата-энеси анын музыкант болуп чыгышына караманча каршы эле. Алар уулунун аскер адамы болуп чыгышын каалаган. Бирок, өз оюн бербеген Саша рок-группага кирет. Бирок, ал жактан кетип, өзүнчө топ ачууну максат кылат. Чыгармачылык жолун баштаганда Александр “Кредо” деген ысым менен чыгат. Бул ысымды сүйгөн кызы ыйгарган. Анткени, кыздын эң жакшы көргөн жана колдонгон атырынын фирмасынын аты “Кредо” эле. Александрды эркелетип “Менин сүйүктүү Кредом” деп жүрүп ушул атка көндүрүп коёт. Латын тилинен которгондо Кредо “ишеним” деген сөздү түшүндүрөт.

Жаңы имидж жана жаңы ырлар
Ошентип, орус эстрадасында чыгыш музыкасынын коштоосунда кө­зүнө көз айнек тагынган, башына арабча жоолук салынган ырчы 1989-жылы пайда болот. Бул Мистер Кредо эле. Анткени, ал Кредо деген атка Мистер деген ысымды кошуп алган болчу. Анын чыныгы жүзүн жана атын эч ким билбейт эле. Сөзү орусча болгону менен чыгыш ыргагы менен ырдаган ырларды эл, айрыкча жаштар жакшы кабыл алды. Анын ырларын бардык жерлерде угушуп, жаңы ырчынын аты тез эле таанылууга өтөт. Өзүнүн туулган жери Екатеринбург Европа менен Азиянын чегарасында болгондуктан, Азиянын маданиятын Мистер Кредо өзгөчө баалаган. “Мен таланттуу адам катары ушул эки маданияттын ортосунан бир нерсе алып чыгаргым келди. Ойлонуп отуруп, орусча сөздөр жана чыгыш аранжировкасы менен ырларды чыгарууну ойлоп таптым. Ал үчүн мен дагы имиджимди өзгөртүүгө туура келди” дейт Мистер Кредо.

“Жоолугумду Канча акчага болсо да чечпейм”
Тез эле Мистер Кредонун атагы бүт дүйнөгө жайылат. Аны көп өлкөлөр гастролго чакырып турушат. 2001-жылдын 15-сентябрына АКШга концертке чакыртылган.
Сүйлөшүүлөр бүтүп, гастролго аз калганда 11-сентябрдагы террористтердин коогалаңдуу окуясы болот. Өз коопсуздугунан тынчсызданган Мистер Кредо көп акча жумшалган бул концерттен баш тартат. Анткени, өлкөдөгү мусулмандарга болгон кыжырлануу күч эле. Элдин жаалынан корккон концерттин уюштуруучулары анын мусулманча кийинген имиджин өзгөртүүнү талап кылышкан. “Сиз араб жоолугуңузду алып, европалыктарча стилге өтүүңүз үчүн өмүрүңүзгө жетээрлик акча төлөп беребиз” деген. Бирок, алардын бул талабы ишке ашаарлык эмес эле. Кредо: “Сиздер Мерседес машинасын фирмалык белгисиз чыгара албагандай эле мен дагы жоолугумду таштап чыга албайм. Анткени, эл мени дербиш катары гана көргөнгө көнүп калышкан” деп жооп берген.

Өз жүзүн жашырган Мистер Кредо
Мистер Кредонун күйөрмандары анын көп ырларын радиодон уга албай келишет. Ошондой эле өзү да телеге да көп чыга бербейт. Бул бир жагынан өзүнүн элден оолак кармоо үчүн болгон аракети, экинчи жагынан жараткан музыкасынын элге жагаарына ушунчалык ишенгендиктен, өзүн реклама кылуу үчүн ашыкча эле убакыт короткусу келбейт. Андан көрө өзүнүн студиясында отуруп, жаңы музыканын үстүндө иштөөнү артык көрөт. Айтмакчы, Мистер Кредонун тажабаган жана эч нерсеге алмашпаган бир гана байлыгы бар. Ал өзүнүн ыр жазуучу студиясы. Музыкалык билими жок туруп алгачкы ырларын өзү аранжировкалап, өзү чыгарган.

Экинчи жаралуу
«Дүрт» этип аты чыгып барып Мистер Кредо бир кезде чыгармачылыктан алыстап, дайынсыз жоголуп кеткен. Эмне себептен экенин ушуга чейин бир адам билбейт. Бул да болсо ырчынын сырдуулугу экени талашсыз. Ошол учурда ырчынын баңгиликке берилип кеткенин жана мафия менен катнашта болгонун, дагы ушул сыяктуу көптөгөн далилсиз маалыматтар тарап кеткен. Алтургай, ырчы өмүрү менен кош айтышканы тууралуу да сөз болгон эле. Бирок, ырчы 1993-жылы кайрадан күйөрмандарын кубантып сахнада пайда болду. Ошондой эле жаңы ырлары, жаңы чыгармачылык эргүү менен сахнага кайтып келди. Болгону Мистер Кредо эми патриоттук духтагы тарбиялык мааниси бар ырларды ырдап калды.

Коштогон үн
Ырчынын дээрлик көп ырларын тунук, жагымдуу аваздуу кыздын үнү коштойт. Ал үн анын ишенимдүү жардамчысы Олесяга таандык. Студиясы ачылгандан кийин аны тааныштары Олесяны бек-вокалисттин ордуна сунуш кылат. 16 жашар кызды алгач ишенкиребей караса да ырдап кө­рүүнү сунуш кылат. Кыз микрофонду алып биринчи ырды ырдап бүткөндө эле Мистер Кредо кубангандан кол чаап жиберет. Көптөн бери издеп жүргөн ырчысы ушул экенин баамдаган Мистер Кредо Олесяга дароо өзү менен кошо ырдоону сунуш кылат. Мына ошондон бери Олеся Мистер Кредонун ырларын андан да оригиналдуу кылып келе жатат.

Кошумча маалыматтар
Ырлары жаштардын талабына жооп бергендиктен, Мистер Кредо көпчү­лүк учурда клубдарда концерт берет. Чоң шаарлардагы белгилүү клубдарга өзүн канааттандыра турган суммадагы акчага гана макул болот.
Ырчынын аялы Наташа менен уулу Арсений – анын өмүрүндөгү эң жакын адамдары. Уулу Арсенийди ата кесибин улантуусун каалайт. Бирок, эгерде уулу башка кесипти тандай турган болсо, ага каршылык кылгысы келбейт.
Мистер Кредо ырчылык менен чектелбестен, өзү жөнүндө кино тартууну пландап жатат. Ал кинодо өзүнүн өмүрү тууралуу баяндоону каалайт.
“Чудная долина” альбому ырчынын чыгармачылыгындагы чоң ийгилиги. Бул альбом чыккандан кийин өтүмдүү болуп, миңдеген долларларды алып келген. Германияга, Түркияга, Израилге койгон концерттери ийгиликтүү өткөн.
Учурда россиялык ырчылардын арасынан эң көп акча төлөнгөндөрдүн катарында Мистер Кредо да бар. Анын биринчи альбому чыкканда 3 миллион кассетасы тез аранын ичинде сатылып, ырчынын капчыгын толтурган.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-16 23:20:34
Мистер мага да аябай жагат
0
№ 188, 9-15-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан