Актёрлук менен алпурушуп келе жаткан Нурдөөлөт Копоевдин жомокчу экенин билчү белеңиз? Билбесеңиз, "Балдар FM" радиосунда ишемби, жекшемби күндөрү Нурдөөлөттүн жомоктору 1 жылдан ашуун убакыттан бери эфирге чыгып келет. Ал жомоктор Кыргыз радиосунун Алтын фондуна өткөрүлгөн. 8 сааттык 72 жомок эми эфирде маал-маалы менен кайталанып берилмекчи. Ошондой эле сокур балдар үчүн да атайын диск чыгарууга камынып жатыптыр, азамат!