"Супер-Инфо" гезити менен "Түнкү Белес" радиосу махабат майрамын белгилөө иш-чараларынын алкагында "Ашыктыктын алты түнү" деп аталган долбоорду радио толкун аркылуу ишке ашырышты. Программага белгилүү ырчылар Мирбек Атабеков жана Каныкей катышышты. Алты күн бою жөнөтүлгөн СМС сүйүү каттарынын ичинен эки ырчы өздөрүнө жаккандарды түз эфирде белгилешкен. Каттын ээлери менен Мирбек жана Каныкей 11-февраль түнү Бишкектин заманбап түнкү клубдарынын биринде таанышып, көңүл ачышты. Бул майрам учурунда кандай кызыктуу окуялар болгону туурасында келерки саныбызда кенен кеп кылабыз.