Өткөн аптада Лос-Анжелес шаарында «Азия-АКШ сулуусу-2010» сынагына тандоо болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан Эльвира Осмонова аттуу жердешибиз катышкан. Тандоо турунда улуттук кийими менен өзгөчөлөнгөн Эльвира ушул жылдын 21-августунда Голливудда өтө турган сынакка жолдомо алды. Айта кетчү нерсе, «Азия-АКШ сулуусу» 20 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп, ага 58 Азия өлкөлөрүнүн сулуулары катышып келет. Эльвира Лос-Анжелесте окуйт. Ал эми сынакка «Кыргыз клубу» коомдук уюмунун колдоосу менен катышууда. Мекендешибизге ийгилик каалайбыз.