«Кыз-Бурак» тобунун ырчысы Аида Макамбаева Гүлшайыр Садыбакасованын 84 жаштагы апасы Салия энеден сабак алып жатат. Эмнеге экени кызыкпы? Элдик музыкалык аспаптарда мыкты ойногон Салия энени «Кыз-Бурактын» кыздары таене дешет. Аида таенесинен комуз жана ооз комуздан сабак алууда. Ырчы кыз 21-февралда туулган күнүн белгилейт. Ошондо келген конокторго аталган аспаптарда ойноп берүүгө камынып жатат.