НБТ телеканалынын жетекчилиги «Муз канал» берүүсүнүн алпаруучулары Асел менен Деляны жумуштан кетирген соң ылайыктуу алпаруучу издеп кастинг жарыялаган. Эки күн бою өткөрүлгөн кастингге 672 кыз катышып, алардан экөөнү тандап алышты. Ал эки бактылуу кыздын ысымы Асылзат жана Айпери. Айпери төрт күн даярдыктан кийин эле түз эфирге чыккан. Ал эми Асылзаттын тушоосу келерки аптанын дүйшөмбү күнү кесилет.