Сахнаны 90-60-90 келбетине байланыштуу ыр менен багындырган Кундуз Канатбек кызы акыркы кезде бул параметрге дал келбей баратканын байкасаңыз керек. Кундуз муну байкап, келбет-мүчөсүн баштапкы калыбына келтирүү максатында фитнес клубга каттай баштаган. Жыйынтыгы жакшы болуп жаткан көрүнөт, учурда 4 килограммга арыктаганын кабарлады.