Кыргыз эстрадасында “IMPULSE” тобу катары тааныла баштаган үч сулуу бийкеч чыгармачылык үстүндө талбай иштеп жаткан чагы. Ыр артынан ыр, клип артынан клип тарттырып дегендей...
Жакында эле топтун кыздары нукура кыргыз жигити Добр менен дуэт жаздырышты. Ыр кыздар менен жигиттердин айтышын камтыйт. Сыягы өзүнчө эле «Блестящие» тобу менен Араштын ырындай чыгарма жаралат көрүнөт. Учурда ырга ат коюла элек.