СҮЙБӨЙМ, БИРОК, ТӨШӨКТӨ БОЛУУНУ КААЛАЙМ

– Бири-бирин сүйбөгөнү менен төшөктө убактылуу мамилелештер тууралуу илим эмнелерди айта алат? Анткени, мен учурда өзүм ушундай абалдамын. Кийин башкалар менен мамиле курсам, төшөк жактан да, психологиялык жактан да зыянын тартпаймынбы? Сейдин, Бишкек.
– Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атактуу окумуштуулары сүйбөгөнү менен төшөктө убактылуу мамилелештер тууралуу төмөндөгүдөй аныктама беришкен:

  • Людус – сүйүүдөгү оюн. Өнөктөштөр бири-биринин сырткы келбетине, өңүнө кызыгышат, бирок, андан ашышпайт. Башкача айтканда, бири-бирин сүйүшпөйт. Адатта убактылуу жанкумарына батуу менен чектелишет. Кийинки жашоого зыяны деле жок. Башкача айтканда, бир көргөн түш сыяктуу калып кетет.
  • Эрос – өнөктөрдүн сексуалдык жактан бири-бирине берилүү сезими. Өң-келбет деле мында анчалык ролду ойной бербейт. Мындай сезимге эркектердин 70 пайызы чалдыгат. Алар каалаган кыз-келин менен жанкумарына канган соң сезими өчөт. Мындай мамиле убактылуу болгондуктан, кийин эркекте же аялда төшөк жактан да, психологиялык жактан да маселе жаралбайт. Эгерде төшөк маданияты сакталып, ашыкча кетүү болбосо.

АЯЛ КАНТКЕНДЕ ТӨШӨККӨ БАТ ДАЯР БОЛОТ?
– Аялдарды төшөккө даярдоодо эркектер аларды сылагылап, сыйпалап жатып 30 мүнөттөй кетиришет. Минтип эркектерди кыйнап отурбай эле аялдар өздөрү төшөккө оңой даяр боло турган ыкмалар жокпу? Женя, Бишкек.
– Аялдар колдонуу менен төшөккө бат даяр боло турган ыкма бар. Бул үчүн лимондун кесиндиси талап кылынат. Лимондун анча чоң эмес бөлүгүн кабыгы менен кесип алып, данектерин алып салуу кажет. Анан ал кесиндини жыныс кынынын ичине салса, дүүлүгүүнү пайда кылат. Анткени, жыныс кыны кислотага абдан сезгич келгендиктен, дүүлүгүү келип чыгат. Оргазм да күчтүү болот. Болгону, кошулаар алдында дароо лимондун кесиндисин жыныс кынынан алып салуу кажет.

ПРОТЕИН “АЛИГИНИ” ЧОҢОЙТОБУ?
– Менин эки суроом бар. Биринчиси, дос балдарымдан “Е витаминин кабыл алса, “алиги” чоңоёт экен” деп уктум. Ушул чынбы? Экинчиси, протеин кабыл алуудан булчуңдар өсөт го. “Алиги” да булчуң болгондуктан, протеин колдонсо чоңоёбу? Каке, Ош.
– Е витамини “алигинин” же жумуртканын өлчөмүнө эч кандай таасир тийгизе албайт. Ал эми протеин тууралуу айтсак, машыгып жүргөн жигит протеин кабыл алса, анда булчуңдарынын өсүшүнө таасир берет. Ал эми жыныстык мүчө булчуң эмес. Андыктан, протеиндин ага тиешеси жок.

СПИРАЛЬ ТӨШӨККӨ БОЛГОН ТАЛАПТЫ АЗАЙТАБЫ?
– Мен элден “спираль салдырган аялдар төшөктө жакшы дүүлүкпөй, эркеги төшөк кумарына бата албай калат экен” деп угам. Мунун канчалык чындыгы бар? Гүлү, Бишкек.
– Спираль бойго бүтүү­дөн сактоо менен дүүлүгүүнүн жана кошулуунун калыптагыдай өтүшүнө эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Анткени, спираль жыныс кынына эмес, жатынга жайгаштырылат. Ал эми презерватив жана башка механикалык каражаттар жыныстык кошулууда рахат алуунун деңгээлин төмөндөтүшү мүмкүн.

БАЧАБАЗДАР, ООРУЛАР, АТАКТУУЛАР...
– Менин түшүнүгүм боюнча, гомосексуализм – эркектердин эркектер менен жатышы. Учурда мындайлар көп дешет. Алар СПИДден тышкары дагы кандай оорулар менен көбүрөөк оорушат? Атактуу адамдардын ичинде да гомосексуалисттер болгонбу? Беки, Жалалабат.
– Атайын далилдөөлөргө таянсак, бачабаздар (гомосексуалисттер) – СПИДден тышкары башка венерикалык оорулар боюнча да «лидерлер». Мисалы, АКШнын Флорида шаарында жарык көргөн маалыматтар боюнча, бачабаздар сифилис менен ооругандардын 80 пайызын түзүшүптүр. Булар көтөн чучуктун рак оорусу менен да жабыркашат. Мындан сырткары, психикалык жабыркоолорго да дуушарланышат. Себеби, алар өнөк­төш­төрүн улам алмаштырып турууга мажбур болушкандыктан, нерв чыңалуусуна кириптер болушат. Маалыматтарга таянсак, бул типке кирген атактуу адамдардын ичинен философ Платон, король Генрих III, акындар Байрон, Уитмен, балет жана эстрада жылдыздарынан Нижинский, Меркьюри, Э.Жон бар.

ПЕЙРОНИ ЖЕ “АЛИГИНИН” КЫЙШАЙЫП КАЛУУСУ ЭМНЕДЕН?
– Жыныстык мүчөм кыйшайып калганынан врачка барсам, ал пейрони оорусу деген диагноз койду. Бул оору эмнеликтен пайда болот? Кыйшайып калууга “алигинин” өлчөмүнүн тиешеси барбы? Сейдин, Кант.
– Пейрони оорусу жыныстык мүчөнүн жаракатка кабылышынан келип чыгат. Жаракат көбүнчө одоно төшөк катышында болот. Мисалы, мас учурунда же аял үстүндө же эркек артында абалдарында. Андыктан, төшөк да абайлоону талап кылат.
Кыйшайып калууга алигинин өлчөмүнүн тиешеси жок.

ЭМИЗИП ЖҮРГӨНДӨ БОЙДО БОЛСО ТҮШҮП КАЛАБЫ?
– Азыр менин балама 1 жаш 2 ай болду жана 2-3 маал эле эмчек эмет. Сурайын дегеним, баланы эмчектен чыгара электе кошбойлуу болуунун зыяны жокпу? Угушума караганда, эмизип жүргөндө бойдо болуп калса, ал түшүп калышы мүмкүн экен. Дина, Бишкек.
– Эгер аял кошбойлуу болуп калса, анда эмизүүнүн кереги жок. Анткени, эмизип жүргөн кезде аялдын организминде пролактин гормону бийлик кылып, прогестерон гормонунун (кошбойлуулук гормону) иштелип чыгышына жол бербейт. Эгер эмизүү дамамат болуп, этеккир келе элек болсо, аял кошбойлуу боло албайт.
Эгер эмизүү азайып, этеккир келе баштаса, анда бойдо болуп калышы мүмкүн. Мындай учурда аял боюндагы баласынын төрөлүүсүн кааласа, анда эмизүүнү токтотуусу керек. Анткени, пролактиндин деңгээлинин жогору болушунан улам бойдон козголуу же түшүп калуу болушу ыктымал. Туурасы, бала чоңоюп, организм калыбына келгичекти бойдо болтурууну пландабаган жакшы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ulutbek
2011-08-03 22:16:24
Алигини кантип чонойтсо болот,ыкмалары?
0
№ 289, 16-22-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан