Режиссёр Эрнест Абдыжапаров өз тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүү максатында мастер-класс өткөрүп келгенин баарыбыз билсек керек. Бул иштеринин жыйынтыгын чыгаруу үчүн ал 26-мартта иш-чара өткөрүүгө камынууда. Бул күнү режиссёрдун 1-2-мастер-класстарынан өткөн окуучулары кыска метраждуу тасмаларын тартуулашмакчы. Андан соң Эрнест Абдыжапаров 3-мастер-класстын башталуучу күнүн белгилеп, жаңы окуучуларды тарбиялоого киришет.